Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана ун чыгаруучу ишканаларынын ортосунда рынокту сапаттуу буудай уну жана мал чарбачылыгы үчүн тоют менен жеткиликтүү баада камсыз кылууга багытталган кызматташуу жөнүндө Макулдашуу түзүлдү.Макулдашууга республикада ун жана нандын бааларын туруктуу кармоо ошондой эле ун чыгаруучу ишканалардын милдеттенмелери камтылган.Макулдашуу 2024-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.