26.11.2019

Атаандаштык боюнча Стамбул форумунун алкагында Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын Монополияга каршы ведомстволорунун жетекчилеринин расмий жолугушуусу болуп өттү

2019-жылдын 25-26-ноябрында Стамбул шаарында (Түркия) ЮНКТАДдын катышуусу менен Түрк конкуренттик ведомствосунун 22- жылдык майрамынын урматына Түрк конкуренттик ведомствосу Атаандаштык боюнча Стамбул Форумун өткөрдү. Атаандаштык боюнча Стамбул форумун уюштуруу демилгеси атаандаштык мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирүүгө дүйнө жүзү боюнча Монополияга каршы органдардын ишмердүүлүгүндө кездешкен атаандаштыктын маанилүү маселелерин талкуулоого, ошондой эле Монополияга каршы органдар ортосунда кызматташууну кеңейтүүгө багытталган. Форумдун алкагында […]
19.11.2019

2019-жылдын 13-14-ноябрында Өзбекистан Республикасынын Ташкент шаарында “Климаттын өзгөрүшүнүн контекстинде Борбор Азиядагы ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү” аталышындагы Борбор Азия конференциясы болуп өттү.

2019-жылдын 13-14-ноябрында Өзбекистан Республикасынын Ташкент шаарында “Климаттын өзгөрүшүнүн контекстинде Борбор Азиядагы ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү” аталышындагы Борбор Азия конференциясы болуп өттү. Аталган конференцияга Мамагенттиктин директорунун орун басары Тайлаков Кеңешбай Доскулович катышып, Борбор азиядагы ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызмат көрсөтүү жаатындагы жүргүзүлүп жаткан иштер жана тариф саясаты жаатында талкууга катышты. Мындан сырткары, […]
05.11.2019

Аймактык борбор тарабынан Атаандаштык боюнча Венгриянын Будапешт шаарында уюштурулган 2019-жылдын 22-24-октябрь аралыгында болуп өткөн семинар

Аймактык борбор тарабынан Атаандаштык боюнча Венгриянын Будапешт шаарында уюштурулган 2019-жылдын 22-24-октябрь аралыгында болуп өткөн семинарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин эки кызматкери катышып келди. Будапешт шаарында “Атаандаштык менен байланышкан иштерди териштирүүдөгү түзөтүүчү чаралар жана милдеттенмелер” темасы боюнча семинар болуп өттү. Семинардын жүрүшүндө Венгриянын, Улуу Британиянын, Франциянын, Германиянын жана Грециянын эксперттери атаандаштык жаатында өздөрүнүн көндүмдөрү менен […]
Skip to content