31.03.2023

Нарын шаарында азык-түлүк бааларына мониторинг жүргүзүлдү

2023-жылдын 31-мартында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облусу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Нарын шаарында жайгашкан базарларда, дүң соода жайларында социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө мониторинг жүргүзүлдү.Мониторингдин жүрүшүндө базардагы соодагерлерге баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча маалыматтар берилди. Баалар негизсиз көтөрүлгөн учурда КР Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде чаралар көрүлөрү айтылды.
31.03.2023

Жарнама жөнүндө мыйзамдары

31.03.2023

Монополияга каршы орган жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы (мындан ары – Кызмат) мамлекеттик монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу жана отунэнергетикалык комплексинен тышкары, экономиканын бардык тармактарында мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салууну, атаандаштыкты коргоону жана өнүктүрүүнү, Кыргыз Республикасынын өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышын көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп […]
Skip to content