2024-жылдын 23-апрель күнү, Ош шаарынын Кызыл-Кыштак аймактык башкармалыгынын Курманжан-Датка көчөсүндө “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын сакталышы жана аткарылышы боюнча мониторинг (рейд) жүргүзүлдү. Мониторинг учурунда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөлөрү, муниципалдык менчик башкармалыгынын, “Кызыл-Кыштак” муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери мыйзам […]