Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын “Интелмед” ЖЧКсына карата 05.02.2024-ж. №1 токтому мамлекеттик органдын компетенциясынын чегинде өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында чыгарылган. Чечим Кызмат тарабынан акыркы 5 жылдагы лабораториялык изилдөөлөр рыногундагы атаандаштыктын абалын талдоонун негизинде чыгарылган. Анализ жүргүзүүдө 10го жакын лабораториянын иши изилденген. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ведомство алдындагы бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине […]